• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Маңка-Жар" коктусундагы сел дамбасын тазалоо уланууда – мэрия

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Суу ташкынын алдын алуу үчүн "Маңка-Жар" коктусунда селден коргоо дамбасын тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө үстүнкү сел тосмосун тазалоо иштери аяктап, 1565 куб метр топурак чыгарылды.

Ылдыйкы сел тосмосун тазалоо иштери дагы эле уланууда, 3 атайын техника тартылып, болжол менен 1200 куб метр топурак чыгарылды.

Жакын жайгашкан үйлөрдүн суу каптоосун алдын алуу үчүн шаардык кызматтар тарабынан көлөмдүү иштер аткарылды.

Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам "Маңка-Жар" коктусунда сел дамбасынан суу чыгып, натыйжада Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана үйлөрдү суу каптаган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев суу каптаган жерлерди толук иликтеп чыгып, тургундар менен жолугуп, мындай жагдайлардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий