• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мал уурулукка шектелип мурда соттолгон эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Чүй облусунда мал уурулукка шектелип мурда соттолгон эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, 27-август күнү Москва районунун Сретенка айыл аймагында жашаган жергиликтүү тургундун эки ую уурдалган. Белгилүү болгондой уурулукту мурда соттолгон эки адам жасаган.

"Бирөөсү КР Жазык кодексинин 200-беренеси менен соттолгон жердиги Андижан шаарынан болгон Өзбекстандын 31 жаштагы С.Э. аттуу жараны, экинчиси Ош облусунун Алай районунун 23 жаштагы А.А. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Ал мурда КР Жазык кодексинин 175-беренеси менен (Никеге туруу максатында адам урдоо) менен соттолгон. Алар Криминалдык милиция кызматынын Мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган", - деп билдирет министрлик.

Министрликтен билдиришкендей, алар эркинен ажыратуу жайларында бирге мөөнөтүн өтөп, ушул жылдын июль айында абактан чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, жумуш жөнүндө жарыя боюнча мал багуучу болуп ишке орношушкан. Иштегендерине бир жума болбой жумуш берүүчүнүн малын уурдап кетишкен: түнкү маал сарайдан асыл тукумдуу эки уйду уурдашкан. Жабырлануучуга келтирилген чыгым 160 миң сомдон ашкан.

"Мал уруулар малды тезинен сатууну көздөп "lalafo" жарыя берүүчү тиркемесин пайдаланып, жүк ташуучу автоунааны чакырып, ага уурдалган уйларды жүктөшкөн. Бул учурда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин келип каларын алар эч күткөн эмес", - деп билдирет министрлик.

Учурда бул факт Кылмыш жана жоруктрадын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Шектүүлөр Чүй облусунун Москва райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий