• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик бажы кызматы “Санарип тамга” долбоору боюнча ишин улантууда

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участкасында жайгашкан өткөрүү пункттарында “Санарип Тамганы” жайылтуу боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жылдын аягына чейин бардык өткөрүү пункттарда система толук кандуу иштеп баштайт. Инновациялык долбоор пилоттук режимде “Достук” өткөрүү пунктунун базасында 2020-жылдын 11-декабрынан баштап, иштеп жатат.

Азыркы учурда тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына товарлар жана транспортук каражаттар тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин берүүгө мүмкүндүк берген Алдын ала маалымдоо жаңы порталын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Бул портал ЕАЭБдин укугун түзгөн эл аралык актылардын жана келишимдердин акыркы талаптарына ылайык келет жана товарлардын өткөрүү пункту аркылуу өтүүсүн тездетүү үчүн арналган маалыматтарды берүүгө мүмкүнчүлүк берет деп белгилей кетүү зарыл.

Өткөрүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча “бир аялдама” принциби боюнча ташып өткөрүлүүчү товарларга карата чечимди ыкчам кабыл алуу үчүн мамлекеттик контролдоочу органдардын ортосунда алдын ала маалымат алмашуу порталын жайылтуу пландалууда.

“Санарип Тамга” долбоору МБКнын базасына берилүүчү алдын ала маалыматты чек арадагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бөлүшүүгө, ар бир мамлекеттик орган үчүн автономдук системаны киргизбестен товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматтарды иштетүүгө мүмкүндүк берет. Бул тышкы экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырууда ылайыктуу шарттарды түзүүнү жана товарларды өткөрүү пункттары аркылуу ташып өтүүдө убакыт чыгымдарын төмөндөтүү аркылуу транзит өлкөсү катары республиканын жагымдуулугунун жогорулашын камсыз кылат.

Долбоор бюджеттик каражаттарды сарптабастан жана Эл аралык кызматташуунун Герман коомунун (GIZ) Борбордук Азиядагы Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү Программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатканын белгилеп кетебиз.

Пикир

Оставить комментарий