• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-юилга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Дача жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыккан чыр күч алып кетпеши үчүн чек ара өкүлдөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жана тараптардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларынын бир нече жолугушуулары өткөн.

Жолугушуулардын жайынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган:

- тараптардын укук коргоо органдары койгон тосмолорду алып салуу: кыргыз тарап Дача жергесинде, тажик тарап Ходжаи-Аало (ТР) чек ара заставасына бараткан жолдо;
- чек арага канатташ аймактарда чек ара чыр-чатагына алып келиши мүмкүн болгон чыр;
- чатактардын алдын алууга чараларды көрүү;
- Ак-Сай айылында (КР) – Ходжаи-Аало айылында (ТР) – Төрт-Көчө багыты боюнча аймактык укук коргоо органдарынын тарамдарынын биргелешип күзөт жүргүзүүсү.

Мындан тышкары, кечээ тосмолор коюлган жолдордо кыймыл калыбына келтирилген, эки мамлекеттин чек арага канатташ аймактарынын тургундары ортосунда түшүндүрүү иштери жүргөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чырды иликтеп, ага тиешеси бар адамдарды аныктап жана келтирилген чыгымдардын ордун толуктоо маселесин да карашты.

Тажик тарап КР ИИМинин кызматкеринин автоунаасына келтирилген чыгымдын ордун тургузуп берүүгө даярдыгын билдирди.

Чек ара кызматы бүгүн, 25-июлда "Кызыл-Бел-автожол" өткөрүү жайында саат 09:00дө Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу башталганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий