• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик органдар канча каражат табышат?

Экономика 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн кирешелер боюнча мамлекеттик ведомстволордун арасында Билим берүү жана илим министрлиги Бажы кызматын жана башкы бардык министрликтерден алдыда турат.

“Ачык бюджет” сайтынын маалыматына караганда, 11 айдын ичинде Билим берүү министрлиги 3 миллиард 528 миллион 864 сом тапкан. 2017-жылдын 11 айында ведомство 3 миллиард 302 миллион 549 миң 462 сом тапкан.

Мамлекеттик каттоо кызматы жыл башынан бери 327 миллион 87 миң 614 сом тапкан. Былтыр ушул убакыт ичинде ведомство мамлекетке 269 миллион 483 миң 143 сом алып келген.

Мамлекеттик бажы кызматы 135 миллион 736 миң 40 сом тапкан. Ал эми 2017-жылы 11 айдын ичинде 144 миллион 706 миң 467 сом тапкан.

Калган мекемелер боюнча 11 айдын ичинде акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн кирешелер төмөнкүдөй:

- Жогорку сот – 3 миллион 626 миң 669 сом;

- Башкы прокуратура – 2 миллион 501 миң 619 сом;

- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети – 6 миллион 869 миң 52 сом;

- Маданият, маалымат жана туризм министрлиги – 107 миллион 335 миң 615 сом;

- Тышкы иштер министрлиги 351 миллион 327 миң 699 сом. 2017-жылы 87 миллион 5 миң 626 сом тапкан;

- КРнын президентинин жана өкмөтүнүн иштерин башкаруу клиникалык ооруканасы – 52 миллион 740 миң 598 сом;

- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети – 11 миллион 554 миң 963 сом;

- Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги – 7 миллион 902 миң 066 сом;

- Транспорт жана жолдор министрлиги – 76 миллион 800 миң 654 сом;

- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги – 79 миллион 651 миң 157 сом;

- Экономика министрлиги – 9 миллион 520 миң 297 сом;

- Юстиция министрлиги – 26 миллион 888 миң 899 сом;

- Улуттук статистикалык комитет – 30 миллион 224 миң 806 сом;

- Президенттин жана өкмөттүн иштеринин башкармалыгы – 105 миллион 908 миң 296 сом;

- Улуттук илимдер академиясы – 16 миллион 672 миң 469 сом;

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – 5 миллион 370 миң 277 сом;

- Финансы министрлиги – 10 миллион 914 миң 134 сом.

Калган органдарда маалымат жок.

Пикир

Оставить комментарий