• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамытканов Ошто укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин м.а. Максат Мамытканов Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын актуалдуу маселелери каралды.

Вице-премьер-министрдин м.а. белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жогорку уюшкандык деңгээлде өттү.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү боюнча элге берген убадасын аткарды. Өлкөдөгү абал турукташты, эми бардык көңүлдү экономикага буруу зарыл. Республикадагы туруктуу коомдук-саясий абал социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү жана ишкерликти өнүктүрүү үчүн чечүүчү мааниге ээ», - деди Максат Мамытканов.

Жыйынтыгында күч органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий