• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марат Иманкулов Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-октябрда, Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушуу өткөрдү.

Регионалдык жана глобалдык коопсуздук маселелери боюнча, ошондой эле региондо туруктуулукту бекемдөө чөйрөсүндө Европа биримдиги менен кызматташуунун келечек пландары жөнүндө кеңири пикир алмашуу болду.

Марат Иманкулов Евробиримдик Кыргызстандын көз карандысыздыкка ээ болгондон бери системалуу негизде натыйжалуу кызматташып келе жаткан жакын өнөктөшү экенин белгиледи. Өз ара аракеттенүү маселелеринде эл аралык терроризм, экстремизм, климаттын өзгөрүшү жана башкалар сыяктуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча чараларды иштеп чыгуу актуалдуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий