• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Марат Иманкулов: Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат.

"Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий