• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мектеп бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо быйыл башкача форматта өтөт

Билим 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Коронавируска байланыштуу 9чу жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик мындай чечимди биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт ажыратып, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Министрлик сунуштаган формат боюнча ар бир мектепте тиешелүү буйруктун жана убактылуу жобонун негизинде предметтик комиссиялар түзүлөт. Алар бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.

Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Апелляциялык комиссия жобого ылайык арызды карап чыгат.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Пикир

Оставить комментарий