• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектепке электрондук каттоо жүргүзгөн сайт учурда штаттык режимде иштеп жатат

Билим 0

Бишкек, 11.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Балдарды мектеп жана бала бакчаларга электрондук каттоо жүргүзгөн сайт учурда штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Инфокам” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаева билдирди.

Белгилей кетсек, балдарды мектеп жана бала бакчага электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Кененбаева электрондук каттоону “Инфокам” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатканын айтат.

“Система жаңы иштелип чыкканы үчүн жарандарга кыйынчылык түзүлүүдө. Бүгүн эртең менен система ишке киргенде бир учурда 30 миң адам киргендиктен мүчүлүштүк жаралган. Кызматкерлерибиз ыкчам түрдө жаралган мүчүлүштүктөрдү оңдоодо. Саат 11:00дөн баштап система штаттык режимде иштеп жатат. Азыркы убакытка карата 3 миңден ашык кайрылуу каттоодон өттү”, - дейт ал.

Кененбаева жарандарда кандайдыр бир суроо жаралса “119” номерине кайрылса болорун айтат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин сайты аркылуу мектеп жана бала бакчаларга электрондук каттоо башталган.

Пикир

Оставить комментарий