• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектептеги карантинди узартып, бала бакчаларды жабуу сунушталды

Ден соолук 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги мектептеги карантинди узартып, бала бакчаларды жабууну сунуштады.

Министрликтен кабарлашкандай, 20-декабрга карата өлкө аймагында сасык тумоо менен курч респиратордук вирустук инфекциянын 6 миң 558 учуру катталды.

Балдар арасында оорунун күчөшү 68,7 пайыздан 72,6 пайызга өскөнүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигине мектептеги карантинди 30-декабрга чейин узартып, ошондой эле бала бакчаларды дагы ошол күнгө чейин жабуу боюнча кат жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий