• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мелис Тургунбаев Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-майда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Турганбаев Европа Биримдигинин Азия, Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш жана Тынч океан аймагы боюнча INTPA директору Петерис Устубс менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга Европа Биримдигинин эл аралык жардам жана кызматташтык бөлүмүнүн кызматкери Титиен Амати, ЕБнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ханс Фарнхаммер жана Суу ресурстарын комплекстүү башкаруу программасынын жетекчиси Микель Рескальдани катышты.

Тараптар КР менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин ар кандай форматта талкуулашты.

Ошондой эле 2021-2027-жылдарга Көп жылдык индикативдик программанын жана бюджеттик колдоо программаларынын аткарылышы боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун өз ара пайдалуу багыттарын иштеп чыгуу максатында талкууланган маселелер боюнча консультацияларды улантууну макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий