• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мэр Жунушалиев октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин туугандары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев октябрь окуялары учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин эжеси менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар башчы каза болгон Үмүтбектин атасына батир берүү кечиктирилгени үчүн кечирим сурап, Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрда өтө турган жыйынында ушул маселе карала турганын маалымдады.

Мэрия «Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан №202/2, №112 батирин муниципалдык батирди бекер берүү жөнүндө» токтом долбоорун БШКга киргизген.

Токтом жактырылары менен муниципалдык менчик башкармалыгы 65,9 чарчы метр пайдалуу аянты бар эки бөлмөлүү жаңы батирди менчикке өткөрүп берүү боюнча келишим түзөт.

Пикир

Оставить комментарий