• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МЕРСИКО уюму Ош облусундагы 64 мектепти азык-түлүк менен камсыздайт

Аймак 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. МЕРСИКО эл аралык уюму Ош облусунун мектептерин тамак-аш менен камсыздоону жолго коюуда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, МЕРСИКО эл аралык уюмунун кампасына Ош облусунун аймагындагы 64 мектептин окуучулары үчүн туура тамактануунун азыктары (байытылган ун, витаминдүү өсүмдүк майы, жасмык, жашыл буурчак, күрүч) келип түштү.

"Эл аралык уюмдун менеджери Саадат Саттарова менен кампага келип түшкөн азык-түлүк менен таанышып, андан кийин Ош облусунун Ноокат районундагы МЕРСИКО менен жалпы билим берүүчү мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жеринде көрүп чыктык.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык, жалпы билим берүүчү мектептердин ашканаларын иретке келтирүү, тиешелүү шарттарды түзүү жана ысык тамак берүүнүн шарттарын карап чыгуу милдети тиешелүү мамлекеттик органдарга коюлган. Учурда облуста ысык тамак же шашке чай уюштуруу иштери жолго коюлган", - деди ал.

Белгилей кетсек, МЕРСИКО эл аралык уюмунун I когортасына ылайык, Ош облусунда 64 мектеп (2022-жылы), II когортасы менен 73 мектеп (2023-жылы), III когортасы менен 57 мектеп (2024-ж), жалпысы 194 мектеп киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий