• 88.68
  • 95
  • 0.95

Милиция коомдук транспорт айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук транспорттордун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унаалардын соңку аялдамасына барып, айдоочуларга социалдык тармактарда тарап жаткан такталбаган 3-майда маршурттук унаалардын катышуусунда митинг болот деген туура эмес маалыматтарга ишенбөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушуу учурунда айдоочуларга ар кандай чагымчыл күчтөргө жол бербөөгө, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө, баардыгы мыйзамдуу жол менен каралып жаткандыгын эскертип, жарандарды ташууда коопсуздук эрежелерин так сактоону белгилешти.

Ошондой эле азыркы учурда олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп турган “COVID-19” илдети дагы да болсо күчүндө экендигин эскертип, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана саламаттыгы үчүн баардык санитардык нормалардын так сакталышы талап кылынды.

Пикир

Оставить комментарий