• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жыгач устундуу шифер жабылган аянты 30 чарчы метр болгон сарай толугу менен жана мончонун чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында жыгач устундуу темир жабылган аянты 223 чарчы метр болгон турак үй жана аянты 48 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий