• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министр ИӨБ миссиясы менен SMART билим берүү долбоорун талкуулады

Билим 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев аймактык Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы Ибрагим Шукри, банктын өлкөлүк операциялар боюнча менеджери Али Хан, ИӨБдүн Кыргызстандагы өкүлү Кубанычбек Акматов менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда тараптар кызматташуунун багыттарын, тактап айтканда, SMART билим берүү боюнча долбоорлор,аны каржылоо жана ишке ашыруу шарттары, билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүккө көмөк көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий