• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КРнын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган конституциялык мыйзамдын максаты мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга жарандык коомдун өкүлдөрүнүн натыйжалуу катышуусун камсыз кылуу болуп саналат.

Аталган конституциялык мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу каралган, ага ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын алдында чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү үчүн коомдук кеңештер түзүлүшү керек.

Коомдук кеңештердин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдын ишине аралашкан чөйрөлөрдүн эксперттик жамааттарынын өкүлдөрү кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий