• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинде өлкөнүн фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров тарабынан эгемен Кыргызстандын учурдагы өнүгүү этабында олуттуу социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттердин алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында Кыргызстандын фармацевтикалык өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мамлекеттик колдоонун негизги максаты Кыргызстандын фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик сапаттуу дары-дармектердин өндүрүшүн коргоо үчүн зарыл болгон өз мөөнөтүндөгү жана натыйжалуу чараларды көрүү экендигин белгиледи.

Ал Ассоциацияны Кыргызстанда фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча демилгелүү сунуштарды министрлер кабинетине жана тиешелүү ведомстволорго да активдүү киргизүүгө чакырды.

Өз кезегинде Ассоциация өкүлдөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ GMP) тийиштүү өндүрүштүк практикасынын талаптарын милдеттүү түрдө сактоону 2030-жылга чейин жылдырууга байланышкан көйгөйлөрдү жана суроолорду айтышты.

Ассоциация министрлер кабинетинен өндүрүлгөн продукцияны кепилденген сатуунун пландуу өндүрүш механизмдерин ишке ашырууда, ЕАЭБ GMP ишке ашыруу үчүн субсидияларды бөлүүдө колдоо көрсөтүүнү суранды, ошондой эле өндүрүлгөн дары-дармектердин айрым түрлөрүн импорттоодо КНС киргизүү сунушун киргизди. .

Белгилей кетсек, ЕАЭБ GMP программасын ишке ашыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу зарылчылыгынын негизги себеби 2025-жылдын 31-декабрына чейин ата мекендик өндүрүшчүлөрдү технологиялык кайра жабдуу жана кадрларды даярдоо үчүн финансылык каражаттардын жетишсиздиги болуп саналат.

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине жетиштүү көлөмдө өндүрүлгөн ата мекендик продукцияга импорттук КНСти киргизүү, чекене соода түйүндөрүндө ата мекендик дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу, дары-дармектерди өндүрүү көлөмүн 3%дан 20%га чейин көбөйтүү, фармацевтика тармагын каржылоо жана жеңилдетилген режимде коргоо программасы сыяктуу чараларды киргизүү менен атамекендик фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча Жол картасын иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий