• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда убактылуу эмгекке жарамсыздык санарип баракчасы юридикалык күчкө ээ

Ден соолук 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда убактылуу эмгекке жарамсыздык санариптик баракчасы юридикалык күчкө ээ. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, демилге Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көтөрүлгөн.

Тиешелүү токтомго үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ошону менен бирге Саламаттык сактоо министрлигине убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын каттоо, узартуу жана берүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Белгиленгендей, убактылуу эмгекке жарамсыздык санариптик баракчасы саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген сыркоолук баракчасы (эмгекке жарамсыздык баракчасы) болуп саналат жана ал эми атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтурулат, өткөрүлүп берилет жана сакталат.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу үчүн portal.tunduk.kg порталына же Tunduk мобилдик тиркемесине кирип, андан соң «Ден соолук» бөлүмүнө өтүп, "Эмгекке жарамсыздык баракчасын" тандоо керек.

Маалымат системасы маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий