• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев беларусь кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-октябрында беларусь тараптын демилгеси менен КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтө турган КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык Экономикалык кеңешинин боло турган жыйындарынын күн тартибинин уюштуруучулук жагын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий