• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоң районунда акысыз мобилдик клиника ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 8 бөлүктөн турган мультидиагностикалык мобилдик клиника ишин баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Бөкөнбаев айылындагы кырманга жайгашкан бул клиника район тургундарына 2 ай бою акысыз медициналык жардам көрсөтөт.

Мобилдик клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт. Ошондой эле гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдуулар бар. Аны менен катар эле биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы да бар.

"Сапаттуу медициналык жардам алууну каалаган тургундар жергиликтүү ҮДТларга жана ФАПтарга кайрылып, кезекке туруулары керек" , - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий