• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада 17 жаштагы кыргызстандык жигит чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 2.08.18. /Кабар/. 17 жаштагы кыргызстандык жигит Москванын Митино районунда жайгашкан Пенягин көлмөсүнө чөгүп кетти. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге чакыруу менен барган полиция кызматкерлери чөгүп кеткен адамдын денесин суудан чыгарышкан. Аны өлүкканага жиберишкен. Тушино аймагындагы бөлумдүн тергөөчүсү кырсык боюнча текшерүү иштерин баштаган.

Каза болгон жаран эч жерже окуган эмес жана эч жерде иштебеген апасы менен жашаган.

Пикир

Оставить комментарий