• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвадагы көргөзмөдө Кыргызстандын стенди “2017-жылдагы туристтик багытты эң мыкты сунуштоо” деп аталды

Маданият 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Москвадагы MITT-2017 Эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын стенди “2017-жылдагы туристтик багытты эң мыкты сунуштоо” наамын жеңип алды. Бул тууралуу Туризм департаментинин уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысы Кундуз Бейшеева билдирди.

Кыргызстандын көргөзмө стенди КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти, Кыргызстандын курорттор ассоциациясы тарабынан “USAIDдин ишкерликти өнүктүрүү демилгеси” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

Эл аралык көргөзмөдө Кыргызстан туристтик ишкерлик өкүлдөрү, өлкөнүн санаторий жана курорттору, «Достур», «Аксай Трэвел», CAT Company туристтик фирмалары, “Байтур” камыш менен дарылоо борбору, “Каприз” отелдер түйүнү тарабынан көрсөтүлдү.

Биринчи жолу көргөзмөдө жаңы туристтик багыт – Жыргалаң өрөөнү тааныштырылды.

Кыргызстандын стендинде жайгашкан улуттук боз үй, кыргыз күүлөрүн аткарган комузчулар менен катар келгендердин кызыгуусун жаратты.

Пикир

Оставить комментарий