• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК социалдык жана мүлктүк салыктык эсептен чыгаруунун жол-жоболорун түшүндүрүп берди

Экономика 0

Бишкек, 22.04.24./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшырууда КР салык мыйзамдарында каралган социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарып алуу мүмкүн экендигин эскертет.

Салыктык эсептен чыгарып алуу – бул жыл ичинде мурда төлөнгөн киреше салыгын кайтарып алууга мүмкүндүк берген мамлекеттик жеңилдиктин же колдоонун бир түрү.

Социалдык эсептен чыгарып алууну салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан ашпаган адамынын билим алуусуна алууга болот.

Социалдык эсептен чыгаруулардын өлчөмү окуу акысынын суммасына барабар, бирок билим алууга эсептен чыгарууларды эсепке албаганда салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталат. Үч же андан көп баласы барлар үчүн эсептен чыгаруу суммасы 25 пайыздан ашпаган өлчөмдө белгиленет.

Мүлктүк салыктык эсептен чыгарып алууну ипотекалык насыя боюнча пайыздарды жоюуга багытталган каражаттардын суммасынан алууга болот, бирок бир жылда 230 миң сомдон ашык эмес

Көрсөтүлгөн эсептен чыгарып алуулар салык төлөөчүгө салыктык каттоосу бар болгон жана ал Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган учурда, жазуу түрүндөгү арыздын жана жумшалган чыгымдарды далилдөөчү документтердин негизинде берилет.

Салык төлөөчү салык органына эсептен чыгарып алуу үчүн жумшалган чыгымдарды далилдөөчү документ катары төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

1) Социалдык эсептен чыгарып алуу үчүн:

– арыз

– акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндөгү декларант менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча кызмат көрсөткөн билим берүү мекемесинин ортосунда түзүлгөн контракттын көчүрмөсү;

– төлөнгөн акы жөнүндөгү төлөм документтеринин көчүрмөсү;

– багуудагы адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү/бала асырап алганы жөнүндөгү документ;

– эгер багуудагы адам орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемесинде окуп жатса баланын/асырап алган баланын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдан маалымкат;

– багуудагы адамдын паспортунун көчүрмөсү (бар болсо);

- декларанттын жана жубайынын паспортторунун көчүрмөсү;

– никеси жөнүндө же никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөлөрү;

– декларанттын жана жубайынын иштеген жеринен эсептелген эмгек акысынын суммасы жөнүндө белгиленген форма боюнча жеринен маалымкат;

– үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат.

2) Мүлктүк эсептен чыгарып алуу үчүн:

– арыз;

– декларанттын паспортунун көчүрмөсү;

– сатып алган кыймылсыз мүлккө техникалык паспорттун көчүрмөсү;

– банк менен кредиттик келишим жана/же ипотекалык кредит жана/же турак жай ссудасы боюнча ипотека жөнүндө келишимдин, ислам каржылоосу боюнча келишимдин көчүрмөсү;

– күрөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;

– төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;

– алынган, кайтарылган насыялардын жана алар боюнча ипотекалык насыянын төлөнгөн пайыздарынын суммалары жөнүндө банк мекемесинин маалымкаты;

– декларанттын иштеген жеринен эсептелген эмгек акысынын суммасы жөнүндө белгиленген формасы боюнча маалымкат;

Эскерте кетсек, жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын 1-майга чейин тапшырышы керек.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий