• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСКнын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

"Салые Сервис" мекемеси салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун компоненттерин ишке ашыруунун алкагында салык кызматынын маалыматтык системаларынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана салыктык жөнгө салуунун сапатын жогорулатууда анын кызыкчылыктарына көмөк көрсөтүү, тышкы экономикалык иш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, салык инфратүзүмүн колдоо жана жаңылоо максатында түзүлдү.

“Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин максаттары жана милдеттери:

- “Салык Сервис” ММдин максаты болуп салыктык укук мамилелеринин катышуучуларына салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана натыйжалуу башкаруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү саналат.

- “Салык Сервис” ММдин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- салык кызматынын органдарынын маалыматтык системасын түзүү, өркүндөтүү, коштоо жана анын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо;

- функцияларын аткарууга байланыштуу салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу материалдык-техникалык базаны, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүү алкагында Кыргыз Республикасына импорттоодо (ташып келүүдө) товарларды эсепке алуу пункттарында товарларды мамлекеттик контролдоо жана эсепке алуу системаларын камсыздоо;

- салык органдарынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн керектүү чөйрөлөрдү атайын багыттагы консультанттар менен камсыздоо.

Пикир

Оставить комментарий