• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мугалимдер сентябрдан баштап окуучуларды PISA стандарты боюнча окута баштайт

Билим 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. “PISA- 2025 изилдөөсүнө катышуу – Кыргызстандагы жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолу” аттуу жайкы мектепте окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуулар 17-27-июль күндөрү өтөт.

Жайкы мектеп Кыргызстанда алдыдагы “PISA-2025” эл аралык изилдөөсүнө катышууга байланыштуу иштерди уюштуруу жана өткөрүү максатында уюштурулган.

“Окуу жүктөмдөрүн азайтып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, маалыматтык технологияларга басым жасоо, билим берүүнү заманбап стандарттарына шайкеш келтирүү зарыл. Мугалимдерди PISA стандарттары боюнча окутуулар башталды. Алар сентябрдан баштап окуучуларды ушул стандарттарга ылайык окутуп башташат”, - деди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жайкы мектептин ачылышында.

Сабактар ​​Кыргызстанда жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында эл аралык PISA изилдөөсүнүн тажрыйбасынын негизинде билим берүүнүн натыйжаларын калыптандыруу жана баалоо методологиясын жана негизги ыкмаларын өздөштүрүү максатын көздөйт. Бардык катышуучулар функционалдык сабаттуулуктун алты багыты боюнча билим алат. Жалпысынан 10 күндүн ичинде эки агымда 180 адам окутулат.

Жайкы мектепке Билим берүү жана илим министрлигинин, облустук жана жергиликтүү билим берүү органдарынын өкүлдөрү, педагогикалык жогорку окуу жайлардын жана педагогикалык колледждердин кызматкерлери, мектеп предметтерин үйрөнүү тармагындагы адистер, ошондой эле математика, эне тили жана табигый-илимий предметтер боюнча 5-9-класстардын окуучулары үчүн окуу-методикалык материалдардын авторлору, билим берүүнүн сапатын баалоо жаатындагы адистер катышууда.

Семинардын спикерлери Россиянын Билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун илимий кызматкерлери жана эл аралык эксперттер болот. Жайкы мектептин илимий жетекчиси - Россия билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун Билим сапатын баалоо борборунун жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты, эл аралык эксперт Галина Ковалева.

Аталган окутуулардын уюштуруучулары - Евробиримдиктин “Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” долбоору жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим” долбоору.

Пикир

Оставить комментарий