• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Муканов Тайланд менен болгон беттеш тууралуу: Биз көп катачылык кетирдик

Спорт 0


Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Тайланд менен болгон беттеште биз көп катачылык кетирдик жана өз оюнубузду көргөзө алган жокбуз,-деп билдирди футзал боюнча КР курамасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов футзал боюнча Азия-2018 турнирдеги үчүнчү тайпалык оюндун жыйынтыгына комментарий берип жатып. Биринчилик Кытайдын Тайбэе шаарында өтүүдө.

“Тилекке каршы, атаандаштарыбыз бат гол киргизе алышты, биз болсо өз оюнубузду ойной алган жокбуз. Биз оюнда көп катачылык кетирдик. Тайланддын курамасы абдан күчтүү жана титулга талапкерлердин бири”,-деп билдирди ал.

“Тайланд Ливанга уттуруп койгондон кийин бүгүн аларга жеңиш керек экендигин бары билип турушту жана алар өз деңгээлин көрсөтүштү – деди Амиржан Муканов. Менин оюнчуларым мындай оюнга даяр эмес болчу. Балдарга тажрыйба аздык кылды, алар жаш жана курама жаңыдан гана куралуу этабында”.

“Бизди колдогондордун барына ырахмат. Тилекке каршы биз ушуну менен жыйынтыктайбыз”,-деп кошумчалады машыктыруучу.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын курамасы футзал боюнча Азия чемпионатында үчүнчү тайланып оюнда 1:8 эсеби менен Тайландын курамасынан утулуп калган. Биринчи оюнда Кыргызстандын курамасы Ливан менен тең чыгып (2:2), кийин Иорданияны – 3:1 эсебинде жеңген.

Пикир

Оставить комментарий