• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев элге кайрылуу жасады

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушев видео кайрылуу жасады. Анын видеосун Рустам Калматов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

"Муфтий Түркияга, чет жакка качып кетип калыптыр деп айтып жатышат. Мен балдарым менен Бишкектемин. Албетте, чалгандардын баарына жооп бере албайм. Келгиле, ынтымакка келели. Мамлекетибиз ар кандай оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Жакында эле президенттин инаугурациясы болуп, падышалуу болдук. Бүткүл дүйнө карап турат, ар кимибиз мамлекетти ар жакка тарта бере турган болсок, эгемендиктен айрылып калбайлы. Андай кылбай бир башка баш ийип, президент айткан саясатты колдойлу. Баары жакшы болот. Териштирүү жүрөт. Бири-бирибизге дос бололу, дос боло албасак, душман болбойлучу", - дейт Токтомушев.

Эскерте кетсек, Максат ажы Токтомушев 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын "Хаджга" ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар экендиги айтылууда.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий