• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын: Ак-Сайга кыш мезгилинде көзөмөл күчө­түлөт

Аймак 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө кыштаган малчыларгажакындан көмөк көрсөтүү жана кышка даярдык боюнча Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тийиштүү мекеме жетекчилери, малчылар менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга райондун акими Жакыпбек Субагожоев, 11 айыл аймактын айыл өкмөт башчылары, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын, райондук бөлүмүнүн, жол тейлөө кызматынын, чек ара кызматынын жетекчилери, райондук айыл чарба департаментинин, үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилери жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Облус башчы өткөн кышта кар калың түшкөнүнө байланыштуу Ак-Сайдагы малчыларга кошумча тоют жеткирүүдө, жолду кар күрткүлөрүнөн тазалоодо кыйынчылыктарга туш болгонун билдирди. Андыктан, мындай кырдаалды алдын алуу максатында жана аба-ырайынын өзгөрүүлөрүнө даярдык көрүү үчүн бир ай мурун өткөн жыйында берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат алды.

Райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Жумаков райондогу мал санын жана тоют чөптөрдүн даярдыгы боюнча маалымат берди. Ага ылайык, жалпы район боюнча топоздун саны 10 миң, бодо мал – 28 миң 540, кой-эчкилердин саны 244 миң 947, жылкынын саны 25 миң 516 түзөт. Анын ичинде Ак-Сай өрөөнүндө кыштоого жеткирилген топоздун саны 4 миң 852 баш. Бул жалпы райондогу топоздун санынын 48% түзөт. Ал эми ири мүйүздүү малдын 12,5%, жылкынын 3% учурда Ак-Сай өрөөнүндө.

Ат-Башы районундагы 11 айыл аймактын ичинен Ак-Сай өрөөнүндө 8 айыл аймактын, тактап айтканда, Ак-Жар, Ак-Моюн, Ак-Муз, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Кара-Суу, Талды-Суу айыл аймактарынын малчылары кыштайт. Малчылар жылда Ак-Сайда тоют топтобостон кыштан чыгарат. Бирок, кырдаалдарды алдын алуу максатында учурда малчылар тарабынан 260 тонна чөп, 29 тонна жем жеткирилген.

№20 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Айбек Жусубалиев кышка даярдыктары тууралуу маалымат берди. Кышкы мезгилде Кында белинде дайым шамал болуп турганына байланыштуу жолду кар бөгөп калат. Андыктан Кында бели ноябрь-апрель айларына чейин жабылат. Ал эми Торугарт тарабынан Ак-Сайга кетүүчү жолду кар күрткүлөрүнөн тазалап туруу үчүн бир трактор жана күйүүчү майлар даярдалганын билдирди.

Райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун башчысы Нурдин Алиевдин маалыматында райондук медицина кызматкерлери Ак-Сай өрөөнүндөгү малчылардын үйүн толук кыдырып, 97 түтүн үй-бүлөдө 258 адам бар экенин тактаган. Алардын ичинен 5 жашка чейинки 29 бала жана кош бойлуу бир аял бар. Кош бойлуу аял айына жетип калганына байланыштуу Ат-Башыга жеткирилген. Мындан сырткары, биринчи медициналык жардамга керектүү дары-дармектердин ар бир үй-бүлөдө болушун сунуштады.

КР мамлекеттик чек ара аскер кызматынын «Тайлак баатыр» №2025 чек ара аскер бөлүгүнүн командиринин биринчи орун басары Максат Байкытаев малчылардын уруксаат кагаздары (пропуск) тууралуу жаңы кабыл алынган токтом боюнча суроолорго жооп берди. Өкмөттүн 2016-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган №172 «Чек ара режими жана чек ара режимин бекитүү жөнүндө» токтомуна 2017-жылдын 30-октябрындагы №720 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык уруксаат кагаздарына шарттары жөнөкөйлөтүлгөн.

Облус башчы А.Кайыпов малчылардын пикирлерин угуп, аны менен катар жолдо кар күрткүлөрү пайда боло электе малга кошумча тоюттарын эртелеп жеткирүүнү айтты. Ошондой эле, мал ээлери мал бакан адамдарды дары-дармектер менен камсыздап, ар бир үйдү аптечка менен камсыздап берүүсүн сунуштады. Ал эми райндун акимине жалпы кырдаал ды көзөмөлгө алууну, айыл өкмөт башчыларына малчылардын тизмесин тактап, токтом боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, жол тейлөө ишканасына кар күрткүсү пайда болгон учурда жол тазалоо иштерин убагында жүргүзүп турууну, медицина кызматкерлерине унааларын даярдыгын текшерип, кызматка камдуу турууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий