• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын медколледжинин бүтүрүүчүлөрүнө Германияда кесиби боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Нарын медициналык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө EDUVISO (Адистерди эл аралык деңгээлде даярдоо) программасынын алкагында Германияга барып кесиби боюнча эмгектенүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул боюнча кечээ Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаевдин EDUVISO программасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда кеңири сөз болду.

Жолугушуу учурунда EDUVISO программасынын өкүлү Торстен Свобода Германияда орто медициналык кызматкерлер жетишпей турганын, анын үстүнө немецтер өздөрү эс алуу күндөрү иштебегендиктен бул жактан барып иштей турган медайымарга суроо-талап жогору экендигин билдирди. Ошондой эле медицина тармагы мамлекет тарабынан каржылангандыктан кооптонууга негиз жок экенин, Кыргызстанда миграция чоң болгондуктан программа эки өлкөгө тең натыйжалуу болоорун айтты.

Анын айтымында, бул программа Ош, Кара-Балта шаарларында иштеп жатат. Быйыл буюрса алгачкы бүтүрүүчүлөр Германияга барышат.

Программанын алкагында, медициналык колледждеги 1-курстун студенттерине немец тили киргизилет. Студенттер 2 жыл 10 айдын ичинде медициналык билим алуу менен бирге немец тилин жакшылап өздөштүрүшөт. Бүткөндө диплом менен кошо немец тилин билгендигин тастыктаган В2 сертификатын алып чыгышат. Германияга барганда алгач 8 ай акы төлөнүүчү стажировкадан өтөт. Андан кийин 3 жылга келишим түзүлүп, жумушка алынат. Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин Германиянын жарандыгын алып, келишимдин мөөнөтүн узартып иштей беришсе болот. Кааласа мекенине кайтып келишет.

Медайымдардын Германиядагы айлыгы 3000 долларга жакын болот, саламаттык сактоо, камсыздандыруу жана пенсиялык фондго которуудан кийин 2000 доллары колунда калат. Ошол убакытта медайымдын пенсиясына акча кошулат. Каражатты Кыргызстанга келгенден кийин да алса болот. Окутуу, алгачкы стажировкадан өткөрүү чыгымдарын программа каржылайт.

Ашимбаев программаны Нарынга алып келүүгө абдан кызыкдар экендигин билдирип, бардык маселелерде колдоо көрсөтөөрүн убада кылды.

Программанын өкүлдөрү жолугушуудан кийин Нарын медициналык колледжинде жана Нарын шаарындагы орто мектептерде болуп, программа тууралуу кеңири маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий