• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Нарын облусунда күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президентинин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикме филиалындагы кышка даярдык иштеринин абалын көрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Аталган жылуулук ишканасы Нарын шаарындагы 2 миң 562 абонентти жылуулук менен камсыздайт. 27 отказандын 13ү электр энергиясы, 14ү көмүр отуну менен жылытылат. Жылытуу мезгилинде ишканага жалпы 13 миң 683 тонна көмүр отуну керектелсе, бүгүнкү күнгө чейин 150 тоннасы тартылып келген. Учурда отканаларды ремонттоо иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын облусуна быйылкы жылы жалпы 127 миң 840 тонна көмүр отуну керектелет. Мунун ичинен калктын муктаждыгы 92 миң 400 тоннаны, ал эми бюджеттик мекемелердин көмүр отунуна болгон муктаждыгы 35 миң 440 тоннаны түзөт.

Учурда "Кара-Кече" жана "Турук" көмүр кендеринде тазалоо иштери жүрүп жатат. 11-августта "Турук" кенинде, 15-августта "Кара-Кече" кенинде бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу иштери башталаары мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий