• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда саламаттык сактоонун убактылуу жаңы координатору менен оорукананын башкы дарыгери дайындалды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда саламаттык сактоонун убактылуу жаңы координатору менен оорукананын башкы дарыгери дайындалды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык ыкчам штабдын сунуштамасынын жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Нарын облусундагы Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М. Алияскаровго сөгүш жарыяланып, андан саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун функционалдык милдеттерин аткаруу алынган.

Мындан тышкары, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору А. Койчуманов иштен кетирилген.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу болуп Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Б. Төлөгөнов дайындалган.

Ал эми эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну, көзөмөлдөөнү күчөтүү жана облустагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дарылоочу-алдын алуучу уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Нарын облусуна иш сапар менен жиберилген Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А. Акматовага 2020-жылдын 28-майынан тарта атайын буйрук чыкканга чейин саламаттык сактоо боюнча облустун координаторунун милдеттерин аткаруу жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий