• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын районунунда мал уурулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Нарын районунунда мал уурулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Өрнөк айылында ар жуманын ишемби күндөрү мал базар өткөрүлүп келет. Анда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тиешелүү кызматкерлери мал сатып алуу жана сатуу максатында келген жарандардын коомдук коопсуздугун сактоо менен кылмыштуулуктун алдын алуу багытында иш алып барып келишет.

"Мал базарга келген ар бир малдын биркалары текшерилип, ата-энесинин коштоосу жок келген жаш өспүрүмдөргө карата профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик органдары жана жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлери менен биргеликте мал базарга келген автоунаалардын ирээтке келтирүү боюнча түшүндүрмө берилип, атайын токточуучу жайга автоунааларды токтотуу жагы каралды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айыл өкмөт жана айыл башчылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ар кандай кылмыш кырсыктардын алдын алуу максатында мал базардын ичине жана сыртына видеокамера орноштуруу жагы каралып, жакын арада орнотуулары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий