• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарындагы «Ыйман» бала бакчасынын кошумча корпусунун курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Нарын шаарындагы «Ыйман» бала бакчасынын кошумча корпусунун курулушу башталып, капсуласы салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Имарттын капсуласын салуу иш-чарасына Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, MSDSP KG коомдук фондунун Нарындагы директору Жылдыз Сулайманова жана башка билим берүү мекемелеринин жетекчилери, бала бакча жамааты, курулушчулар катышты.

Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү долбоорунун алкагында курулуп жаткан имарат MSDSPI KG коомдук фонду тарабынан 4 млн 901 миң сом инвестицияланып, буга Австралия өкмөтүнүн Тышкы иштер жана соода министрлиги тарабынан башкарылуучу түз жардам программасы донор болгон.

Ал эми Нарын шаарынын бюджетинен 1 млн 202 миң 420 сом өздүк салым катары жумшалды.

Жалпы 6 млн 103 миң 420 сомго 50 орунду, бир кабаттуу имарат 2022-жылдын күз мезгилинде курулуп бүткөрүлөт. Курулушту "Нарынкурулушсервис" компаниясы жүргүзөт.

Иш-чарага катышкан Нарын шаарынын мэри К.Тутуев имаратты салуу милдетин алган курулуш ишканасына сапаттуу имараты куруп берүүнү айтып, келечек ээлери болгон балдардын билим тарбиясы үчүн инвестор болгон MSDSPI KG коомдук фондунун өкүлдөрүнө өз ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий