• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үч облустун мектептеринде робототехника класстары ачылат

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы мектептерде робототехника класстары ачылат. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) менен биргеликте Нарын шаарынын №8 мектебинде, Чүй облусундагы Кайыңды шаарынын №3 мектебинде жана Жалал-Абад шаарынын Балдар чыгармачыл борборунда Робототехника жана санарип-дизайн окутуу борборлору ачылуу алдында турат.

Бүгүнкү күндө аталган борборлорго керектүү жабдуулар - компьютерлер, интерактивдүү такталар, көп функционалдуу принтерлер, 3Д каражаттар жана эмеректер жеткирилүүдө.

Жакынкы күндөрдө робототехника кабинеттеринин расмий ачылышы уюштурулуп, аталган жабдуулар белек катары тапшырылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий