• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында бийиктиги 12 метр болгон жаңы жылдык балатынын оту жанды

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Нарын шаарынын борбордук аянтына жаңы жылдык балаты орнотулуп, оту жанды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, балатынын бийиктиги 12 метр, туурасы 4,5 метрди түзөт.

"Быйылкы жылдын эсебинен балатыны кооздого бюджеттен эч кандай акча каражаты бөлүнгөн жок", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бул балаты 2019-жылы шаардык бюджеттин эсебинен сатып алынып, быйыл үчүнчү жолу орнотулууда.

Пикир

Оставить комментарий