• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын облусу Кореянын Канвондо провинциясы менен достук алакаларды бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 01.08.23./Кабар/. Нарынга Түштүк Кореянын Канвондо провинциясынын Индже уездинин акими Чхвэ Сан Ги баштаган делегация иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, өткөн жылы ноябрь айында президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун Кореяга болгон иш сапарында Индже уезди менен Нарын облусунун ортосунда достук алакасы түзүлүп, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба долбоорлорун жылдыруу меморандумуна кол коюлган.

Андан бери кызматташтык улантылып, чакан ГЭСтерди куруу үчүн Кочкор районунан жер аныкталып берилген. Бүгүнкү күндө чакан ГЭСтин алдын ала долбоорлоо иштери аяктоо алдында турат. Ошондой эле Кореянын эң алдыңкы делген “Суми” сортундагы картошканын үрөнү алынып келинип, байкоо жүргүзүү үчүн Кочкор районуна эгилген.

Түштүк Кореядан келген меймандар алгач Кочкор районунда болуп, картошка айдалган аянтты көрүштү. Андан кийин президентинин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун кабыл алуусунда болуп, мындан аркы кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушууда Канвондо провинциясынын Индже уезди менен Кочкор районунун ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий