• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Назарбаев, Токаев, Мирзиёев Кыргызстан элин жана Жээнбековду Орозо майрамы менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Бүт мусулман калкы үчүн ыйык болгон Рамазан айында жана ырайымдуу Орозо айт майрамында бардык кайрымдуулук иштери жана сыйынуулар кабыл алынсын. Исламдын жакшы жактарын көрсөткөн, бакубатчылыкка, сабырдуулукка жана ырайымдуулукка чакырган Айт майрамы баарыбызга жакшылыктарды алып келсин», — деп айтылат Казакстандын туңгуч Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, ал эми Кыргызстандын боордош элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да өз куттуктоосун жолдогон.

«Жакшылык жана жылуулук сезимдерди тартуулаган бул ыйык күндөрү Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, асылзат ишиңизге албан ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана жакшылыктарды каалайм. Дүйнөнүн бардык мусулмандары чоң кубаныч менен белгилечү ыйык Орозо айт майрамы аларга ынтымак жана бакубатчылык алып келсин», — деп айтылган Казакстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Андан тышкары, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев да кыргыз элин жана Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Биздин биргелешкен аракетибиздин жыйынтыгында акыркы жылдары эки бир тууган элдин ортосундагы урмат-сый жана ишеним, өз ара пайдалуу мамилелердин негизинде куралган достуктун салттуу байланышы андан ары өнүгүп жатканы мага чоң кубаныч алып келүүдө», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын Президенти Бишкек шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар Өзбекстан менен Кыргызстандын достугун жана стратегиялык өнөктөштүгүн жаңы этабына жеткирүүдө кезектеги маанилүү кадамы болоруна ишенимин билдирди.

Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековго узун өмүр, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык, ал эми кыргыз элине — тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий