• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, өз ара соода тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, Улуу Британиядан инвестиция жана технологияларды, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдарды тартууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун негизги багыттары боюнча өз ара диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий