• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ниязалиев ЕБнын КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы жана Европанын бир катар өлкөлөрүнүн элчилери менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус жана Венгриянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ласло Дороци менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Европадагы коопсуздук маселелери, атап айтканда, Украинадагы учурдагы кырдаал жана анын эл аралык платформаларда каралышы тууралуу пикир алмашуу болду.

Министрдин биринчи орун басары Украинадан мекенине кайткан Кыргызстандын жарандарына «жашыл коридор» бергендиги үчүн венгрия тарапка ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле европалык кесиптештерине Кыргызстандын жарандарын Украинага чектеш өлкөлөр аркылуу эвакуациялоого көмөк көрсөтүүнү улантуу өтүнүчүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий