• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокатта бала бакча мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды. Прокуратура тергөө ишин баштады

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Кеӊеш айыл өкмөтүнүн токтому жана Ош облусунун Ноокат райондук жер жана агрардык реформа боюнча борборунун буйругу менен Арбын айылында жайгашкан бала бакча 0,18 га жер аянты менен бирге жеке менчикке 60 миң сомго сатылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, ошол эле маалда, бала бакчанын нарктык баасы 4 млн 129 миң сомду түзөөрү текшерүүдө аныкталган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык багыттагы объектилерди жеке менчикке өткөрүүгө тыюу салынат.

Аталган факты 2020-жылдын 18-ноябрында Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан КР Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, тергөө аракеттери башталды.

Мындан сырткары, райондук прокуратура тарабынан бала бакчаны жеке менчике өткөрүү жөнүндө кабыл алынган токтом жана мамлекеттик актыларды жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий