• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурлан Мамытов Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

Экономика 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Нурлан Мамытов Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун (КРӨФ) башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу КРӨФнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жалпы жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин фондду Азиз Аалиев жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий