• 88.68
  • 95
  • 0.95

Октябрь районунан күнүнө 140 тоннадан ашык таштанды чыгарылат - мэрия

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунан «Тазалык» муниципалдык ишканасы күнүнө 140 тоннадан ашык таштанды чыгарат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда жалпысынан 25ке жакын жүктөгүч жана 9 таштанды ташуучу унаа иштеп жатат.

Эске салсак, «Тазалык» муниципалдык ишканасы 14-июндан тарта Октябрь районунун аймагындагы таштандыларды чыгара баштаган. Буга чейин ишмердүүлүк бир нече жыл жеке компаниялардын колунда болгон.

«Тилекке каршы, «Тазалык» МИ таштанды контейнерлерин начар абалда кабыл алган. Жол тейлөө ишканасынын 10го жакын кызматкери контейнерлерди оңдоп, дөңгөлөктөрүн алмаштыруу жана таштанды жайларын жаңылоо менен алектенип жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий