• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Окумуштуулар өмүрдү 28 жылга узартуучу адатты аташты

Дүр дүйнө 0

Ичкиликтен баш тартуу өмүрдү 28 жылга узартууга жөндөмдүү. Бул тууралуу Швециянын Королинск институтунун окумуштууларына шилтеме берүү менен Express жазып чыкты.

Эксперттер 20 жыл бою Дания, Финляндия жана Швециядагы ичкиликке берилген адамдардын жашоосунун узактыгына көзөмөл кылып келишкен. Изилдөөгө катышкан ичкилик ичүү тобунда ар кандай оору-сыркоолордон тышкары өлүм көбүрөөк катталганы аныкталган. Орточо алганда алардын өмүрү 28 жылга кыскарган.

Дарыгерлер спирт ичимдиктери организмге терс таасир этери тууралуу дайыма эскертип келишет. Атап айтканда, ичимдик аз дозада болсо дагы рак, акыл эстин жоктугу, импотенция жана тукумсуздук тобокелдигин жогорулатат. Ошондой эле спирт ичимдиктери жүрөк, мээ жана бөйрөктүн иштешине терс таасир этет. Мындан мурда америкалык окумуштуулар өмүрдү 10 жылга узартууга жөндөмдүү 4 адатты атаган.

Жер-жемиштерге, жашылчага жана дан азыктарына бай Жер-Ортолук деңизинин диетасын кармануу сунушталып келет. Ошондой эле стрессти азайтуу менен жашоодо кубанычтуу учурларга көбүрөөк көңүл буруу керек. Мындан тышкары, ичимдик жана тамеки чегүүдөн баш тартуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий