• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окуучулар арасында мектеп шартында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Окуучулар арасында мектеп шартында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучулар этап-этабы менен окууга бара башташты.

"Толук окуп жаткан мектептер дагы бар. Ал жерден бир-эки мугалимден коронавирус чыгып калып жатат. Окуучулар арасында мектеп шартында коронавирс жуктуруп алган учур катталган жок. Көзөмөл катуу болууда. Бишкекте дагы окуучулар мектепке бара баштады. Ата-энелерге айтарым, балдарыңыздарды мектепке барардын алдында жана келгенде анын ден соолугун карап коюңуздар", - дейт ал.

Үсөнбаев балдар арасында оору катталбай турган болсо, анда мектептердин баары кадимки тартипке өтөрүн айтат.

Пикир

Оставить комментарий