• 88.68
  • 95
  • 0.95

Окуучулар арасындагы “Жаш манасчы” сынагынын облустук этабы өттү

Коом 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин базасында мектеп окуучулары арасындагы “Жаш манасчы” кароо-сынагынын облустук баскычы өтүп, жеңүүчүлөргө I, II, III даражадагы дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз тилинде манас айткан окуучулар арасында:

  • I орун – Шайыркүл Ормонова (Чоң-Алай районунан);
  • II орун – Кулпунай Маматисаева (Чоң-Алай районунан);
  • III орун – Мирлан Абдалиев жана Оомат Алимбеков (Кара-Кулжа районунан).

Чет тилде манас айткан окуучулар арасында:

  • I орун – Сезимай Раимбаева (Кара-Кулжа районунан);
  • II орун – Адина Ниматова (Чоң-Алай районунан);
  • III орун – Хакимбек Рахимбердиев (Араван районунан).

Мындан сырткары, “Жаш манасчы” сынагына жигердүү катышкан окуучуларга ыраазылык баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, сынакта алдыңкы орунду ээлеген окуучулар алдыда Бишкек шаарында өтүүчү финалдык беттешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий