• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош мэриясы санариптештирүү жаатында Эстония менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын өкүлдөрү Таллин шаарынын (Эстония) Электрондук башкаруу академиясынын эксперттери менен онлайн видеоконференция өткөрүштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө башкармалыктын башчысы Мирлан Исраилов жана Электрондук башкаруу академиясынын директору Арво Отт муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат бөлүштү.

Тактап айтканда, Исраилов Ош шаарынын муниципалдык кызматтарын санариптештирүү системасын өнүктүрүү боюнча негизги иш-чараларга жана пландарга токтолуп, бул багытта эки тараптуу кызматташууну бекемдөөнү сунуштады.

Эстониялык эксперттер калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө санариптик технологияларды киргизүү боюнча өздөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы менен тааныштырышты.

Ошондой эле бул жаатта эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун сактоону күчөтүү, киберкоопсуздукту жакшыртуу боюнча консультативдик-эксперттик жардам көрсөтүү максатында Ош шаарына эстониялык адистердин келиши жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий