• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун аймагында 47 миң погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы тарабынан облустун аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы облус боюнча 20 300 м² аянт жер, 47 000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү жана өрт өчүрүү унаасы менен аткарылып, негизинен жарандар көп бара турган объектилерде, маселен дүкөндөр, банктар, базарларда жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий