• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда 2,1 миң даана китеп санариптештирилди

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 1-январына карата ар кандай жанрдагы 2 мин 121 даана китеп санариптештирилип, электрондук вариантка өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы райондогу китепканаларга керектелүүчү компьютер жабдуулары алынып берилген. Облус боюнча жалпы китеп фондусу 2 млн 187 миң 881 даананы түзөт.

Маданий мекемелер толугу менен "Инфодокс" электрондук кат алмашуу системасына киргизилген. Кат жазуулар жана кат-кабар алышуулар толугу менен электрондук системасынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий